Борбор калаада Иса Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдолуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта шаардык мэриядан билдирди.
Ага ылайык, Иса Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки тротуарды оңдоо иштери башталды.
Жолдун түштүк тарабында эски асфальт сыйрылып, ирригациялык системасын орнотуу иштери аяктады. Ал эми жолдун түндүк тарабында да эски асфальт сыйрылып, бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.