Сыргабаев Раззаков шаарын айланып өткөн жолдун курулушун тездетүүнү тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун жолдорун кыдыруунун жүрүшүндө Раззаков шаарындагы айланма жолго барды.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, Сыргабаев жолчулар менен баарлашып, жетекчилердин маалымат уккан соң, апта аягына чейин асфальт төшөө иштерин баштап, жумуш темпин тездетүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле ал Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолунун Бели-Сынык тилкесине токтоп, жолдун деңгээлин ылдыйлатуу иштери менен таанышты.

Мындан сырткары Самаркандек-Мадиген-Жети-Таш, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават менен катар курулушу жүрүп жаткан жана жыйынтыкталган унаа жолдорун көрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Эске салсак, эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Раззаков шаарын айланып өткөн 6,2 чакырым аралыгын куруу иштери 2022-жылы башталган. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан 4 чакырымы бүткөрүлгөн соң каттам ачылып, пайдаланууга берилген.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан