Германиядагы НАТОнун базасы жабылды

Германиянын Гайленкирхен шаарындагы НАТОнун авиабазасы ичүүчү суунун булганышына байланыштуу диверсиядан улам жабылды. Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн аймактык командачылыгынын өкүлү иликтөө иштери жүрүп жатканын, буга чейин бир адам кармалганын билдирди.

Bild гезитинин жазганына караганда, ал жерде суу түтүгүнүн булганышынан шектенүүлөр болгон. НАТОнун чалгындоочу учактары жайгашкан Гайленкирхенде базаны жабуу чечими чыгарылды.

Spiegel басылмасы ошондой эле казармада бир нече негизги командачылык мекемелери, жарандык жана аскердик кызматтары, анын ичинде Германиянын Коргоо министрлигинин Аба даярдыгы боюнча кеңсеси жайгашканын билдирди. Аталган мекемеде 4300 аскер кызматкери жана 1200 жарандык кызматкер жашайт. Басылма белгилегендей, авиабаза Украинага аскердик жардам көрсөтүүнүн маанилүү борбору болуп саналат, ал жерде украиналык аскер кызматкерлери даярдалат.

Казарманын өзүнүн суу насостук станциясы болгондуктан карапайым элге эч кандай коркунуч жаралган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан