"Каңырыгым түтөп отурам...". Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын жакындарына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 14-августта социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Өлкө башчы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленмекчи болгон, “Улут аталары жөнүндө” жарлык кабыл алынган жылы капилеттен бул дүйнө менен кош айтышканына ичи ачышып жатканын билдирди.

"Аттиң дүйнө... Кыргыз каймактарынын сөөгү жаткан “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апанын дүйнө салганын угуп, каңырыгым түтөп отурам. Бүбүйра апанын “Ата-Бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет. Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет?


Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту. Эөкүнүчтүүсү бабаларыбыздын көксөгөн мүдөөсү болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен көрүп калса болбойт беле...
Өлүмгө айла жок экен. Баарыбыздын барар жерибиз да ошол. Мен Бүбүйра апанын жакындары менен туугандарына жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, аза кайгысы менен тең бөлүшөм!", - деп жазды Жапаров.

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева бүгүн 96 жашында акка моюн сунду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан