Анкарада Эрдоган менен Палестинанын лидери Махмуд Аббас жолугушту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы президенттик сарайда Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен жолугушту. Түрк басылмалары жолугушуу басма сөзгө жабык форматта өткөнүн жазды.

Маалыматка караганда, 1-октябрга чейин эс алууга кеткен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны парламент төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен эртең кезексиз жыйынга чогулат.

Парламент жыйыны түрк парламентинин палестиналыктарга жана алардын аракетине колдоосун көрсөтүү жана эзилген Палестина элинин үнүн дүйнө коомчулугуна жеткирүү максатында өткөрүлөт. Бул жыйындын алкагында Палестинанын президенти Махмуд Аббас сөз сүйлөйт.

Аббас жыйындагы сөзүнөн мурда Түркия парламентинин спикери Нуман Куртулмуш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан