Украина Орусияга чабуул коюунун бир нече вариантын карап чыкты

Украина орус президенти Владимир Путинди кыйын абалга калтыра турган чабуулдун бир нече вариантын карап жаткан. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы атын атагысы келбеген батыштык чиновниктерге шилтеме кылып жазды.

Басылманын маектештеринин айтымында, Украина чек араны бузуп өтүү идеясын көптөн бери ойлоп келе жатат. Ошол эле учурда анын айтымында, АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы жана Евробиримдик Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу Орусиянын аймагына аскерий басып кирүүнү колдошкон.

Өткөн аптада АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Украина Курск аймагына басып кирүүгө даярдангандыгы тууралуу Вашингтонго билдирбегенин айткан.

Батыштын чалгын кызматтары менен байланышы бар атын атабаган аткаминер Bloomberg агенттигине Киев боло турган чабуул тууралуу маалыматты ал башталганга чейин ачыкка чыгарбаганын ырастады. Киевдин лидерлери Курск аймагындагы аракеттер жакшы илгерилемейинче конкреттүү маалымат менен бөлүшүшкөн жок деп белгиледи булак.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский чабуул башталгандан берки бир жуманын ичинде аскерлер чек арага жакын аймактын 1000 чарчы километрге жакынын басып алганын билдирди. Бул Орусия быйылкы жылдын башынан бери басып алган аянтка жакын (1300 чарчы километр). Орусиянын Курск облусунан 120 миңден ашык тургун чыгып кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан