Орусиянын Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосу уланып жаткандыктан Орусиянын Белгород облусунда аймактык өзгөчө кырдаал жарыяланды. Облустун губернатору Вячеслав Гладков мындай чечимди калкты коргоону күчөтүү жана жабыркагандарга кошумча колдоо көрсөтүү максатында кабыл алганын билдирди.

Губернатор белгилегендей, аймактагы кырдаал курч бойдон калууда. 9-августтан тарта аймакта антитеррордук операция режими иштеп жатат. Гладковдун айтымында, өзгөчө калктын 50-70 пайызы чыгып кеткен Шебекино шаарында аткылоо жана учкучсуз учактардын чабуулдары кыйла көбөйдү.

14-август күнү эртең менен губернатор облустун эки жеринде жаңы дрондук чабуулдар болгонун жарыялады, анын натыйжасында Шебекино шаарындагы турак жай өрттөнүп, газ түтүктөрү жабыркады, ал эми Устинка айылында бир үйдүн жайкы ашканасы күйүп кетти.

Август айынын башында Орусиянын чек ара аймактарында абал кескин курчуп кеткен. 7-августта Курск облусунда украин куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан улам аймактык өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бирок, 9-августта кырдаал өтө олуттуу деп таанылгандыктан, өзгөчө кырдаал федералдык деңгээлге көтөрүлүп, аймактык режим жокко чыгарылды. Бир күндөн кийин, 10-августтан тарта чек арадагы үч облуста – Курск, Белгород жана Брянскта контртеррордук операция режими киргизилген. Коргонууну чыңдоо үчүн Курск облусуна орус армиясынын кошумча күчтөрү жөнөтүлгөн.

Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов 12-августта президент Владимир Путин менен жолугушууда аймактагы 28 конуш украин аскерлеринин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Анткен менен украин тарап 74 конуш же 1000 чарчы чакырым орус жери Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан