Германиянын Башкы прокуратурасы "Түндүк Агым" газ түтүктөрүн жардырган топтун мүчөсү делген украиналык сууга секирүү боюнча инструкторду камакка алууга ордер берди. Бул тууралуу эки немис гезитинин жана бир телерадиокомпаниясынын шаршемби күнү жарыяланган баяндамасында айтылат.
Немис тергөөчүлөрү акыркы жолу Польшада жашаган бул адам 2022-жылдын сентябрь айында Балтика деңизинин түбү менен Орусиядан Германияга өткөн куурларга жардыргыч заттарды койгон суучулдардын бири деп эсептешет.
Маалыматка караганда, эки жыл мурунку жардырууну уюштурууга дайвинг боюнча үч украиналык (эки эркек жана бир аял) машыктууручу шектелип жаткан. Алардын арасынан бирөөнө - Владимир З аттуу жаранга гана камоого ордер чыгарылды. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал башкалар менен бирге жардыруучу затты газ кууруна орноткон.
Эске салсак, "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурларынын төрт түтүгүнүн үчөө 2022-жылы сентябрдын соңунда жардыруудан жабыркаган. Жардыруу өтө кубаттуу болгондуктан 80 метрлик тереңдиктеги түтүктөр чачырап кеткен.
"Түндүк агым-1" орус газын Германияга жеткирүүчү негизги куур болуп, көгүлтүр отун андан ары Евробиримдик өлкөлөрүнө бөлүштүрүлчү.