Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери Орусиядагы 74 калктуу конушту көзөмөлгө алганын жарыялады. Анын айтымында, катуу салгылашууларга карабастан, украин күчтөрү Курск аймагында алдыга жылышын улантууда.
"Татаал жана катуу салгылашууларга карабастан, биздин күчтөр Курск аймагында алга жылышын улантууда", - деди Зеленский.
Украин лидери ошондой эле оккупацияланган аймактарда “гуманитардык чечимдерди” иштеп чыгууну эскертип, ал жерде канча карапайым калк калганын айткан жок.
Күн мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский видеокайрылуусунда Курск аймагында чабуул аракеттери уланып жатканын ырастаган. Анын айтымында, 1000 чарчы километрге жакын орус аймагы украин аскерлеринин көзөмөлүндө.
Буга чейин Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов Орусиянын президенти Владимир Путинге Украинанын куралдуу күчтөрү 28 калктуу конушту басып алганы тууралуу маалымат берген. Бирок кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери аймакта мындан ары алдыга жыла албай турганын билдирген.