Францияда эки аскердик учак кагылышты

Франциянын түндүк-чыгышында 14-августта эки аскердик учак абада кагылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Жогорку-Марн департаментиндеги аскердик базага кайтып келе жаткан эки «Рафаль» көп максаттуу истребители кагылышкан. Кырсык тууралуу алгач кабарлаган L'Est Republicain билдиргендей, учактардын бири бир орундуу, экинчиси эки орундуу болгон. Жараат алган учкучтардын бирин куткаруучулар табышкан. Дайынсыз болуп жаткан дагы эки учкучту издөө иштери уланууда.

Франс Пресс агенттиги кыйраганга чейин учуп кеткен бир орундуу истребителдин учкучу коркунучта эмес экенин тактады. Экинчи учактын бортунда студент учкуч жана анын инструктору болгон. Шаршемби күнү кечинде алар дайынсыз жоголгондордун тизмесине киргизилген. Куткаруу кызматтары учактар ​​кулаган токойлуу аймакта издөө иштерин жүргүзүүдө.

Аскер прокуратурасы бул кырсыктын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан