Казакстандын бокс боюнча эркектер курамасынын машыктыруучулары кызматтан кетти

Казакстандын эркектер арасындагы бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулар тобу кызматынан четтетилди. Бул туурасында казак басылмалары өлкөнүн Бокс федерациясына шилтеме берүү аркылуу жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, федерациянын чечими Казакстандын туризм жана спорт министрлигине караштуу спорт жана дене тарбия комитети менен макулдашылган.

“Башкы машыктыруучу Мырзагали Айтжанов жана штабдын 10 адиси ээлеген кызматынан бошотулду. Бокс федерациясынын вице-президенти Азиз Кожамбетов да кызматынан кетти. Казакстандын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Турсынгали Эдилов федерациясынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Жаңы машыктыруучулар курамы кийинчерээк тааныштырылат”, - деп айтылган маалыматта.

Федерациясынын расмий аккаунтунда вице-президент Азиз Кожамбетов боюнча пост дароо өчүрүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, Парижде өткөн Олимп оюндарында Казакстандын капчыгына бокс боюнча күмүш медалды 24 жаштагы Нурбек Оралбай, ал эми колону Назым Казайбай алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан