Bloomberg агенттиги дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингин жарыялады.
Андагы маалыматка ылайык, рейтингде биринчиликте америкалык ишкер Илон Маск турат. Анын байлыгы 235 миллиард доллар деп көсөтүлгөн.
Ал эми америкалык Amazon корпорациясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 193 миллиард доллар байлыгы менен экинчи орунда жайгашкан.
Үчүнчү орунда америкалык Meta корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг (188 миллиард доллар) турса, LVMH Group компаниясынын президенти (Louis Vuitton Moet Hennessy) Бернар Арно 184 миллиард доллар байлыгы менен 4-орунду ээлеген. Алдыңкы бештикке Microsoft компаниясынын ээси Билл Гейтс да кирген.