Шымкенттен 83 үй-бүлө Казакстандын түндүк облустарына көчүп кетишти. Себеби

Казакстандын Шымкент шаарынан 83 үй-бүлө өлкөнүн түндүк облустарына көчүп барышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар мамлекеттик ыктыярдуу көчүрүү программасынын катышуучулары болуп саналат.

"Шымкенттиктер Павлодар, Түндүк Казакстан жана Абай облустарына ыктыярдуу түрдө көчүп барышты. Аларды даяр жумуш сунуштары күтүп турат.

Адистердин жетишсиздиги түндүк аймактарда өзгөчө саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында байкалат", - деп жазылат анда.

Жыл аягына чейин шымкенттик дагы 167 үй-бүлөнү көчүрүүнү пландалып жатканы маалымдалат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан