Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык жаран агасынын ордуна айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырууга барганы үчүн кармалды. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, ал агасынын паспорту менен шаардагы №1 мамлекеттик автоинспекциясына (МАИ) айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменге келип, кармалган. Сурак учурунда кызматкерлер агасы экөөнүн сүрөтүндөгү айырмачылыгын билбей калат деген ойдо болгондугун моюнуна алган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.