Индия Орусиянын Брянск, Белгород жана Курск аймактарында жүргөн жарандарына шашылыш кайрылуу жасады.
Индиянын тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, Индия бийлиги аталган аймакта жүргөн жарандарын шашылыш чыгып кетүүгө чакырган.
Курск облусунда федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими, ошондой эле Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дагы мекендештерге аталган аймактарга барбай турууну сунуштаган.