Мурдагы министр Бишкектеги музыкалык окуу жайга директор болду

Мурдагы билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамбектакунов бул кызматка ачык сынактын негизинде келген.

Белгилей кетсек, Уланбек Мамбетакунов өлкөнүн билим берүү жана илим министри болуп 2022-жылдын октябрь айында дайындалган болчу. Министрликти беш ай жетектеген Мамбетакунов 24-февралда президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Анын эмне себептен жумуштан алынганы айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан