Париж Олимпиадасына катышып келген кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу мамлекеттен алган унаасын атасына тартуулады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
"Ата-энеме рахматымды айткым келет. Ошондой эле ушул тулпарды атама тартуулагым келди", - деди Бекзат Алмаз уулу.
Бекзат Алмаз уулу Париж Олимпиадасына 57 килограмм салмакта катышкан. Ал 1/8 финалда казакстандык балбанды утуп, чейрек финалда америкалык Спенсер Ли аттуу балбанга жеңилген.
Коло байге үчүн беттеште Бекзат өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге 4:1 эсебинде утулуп калган.