Орусиянын Нижневартовск шаарында 3 жашар баланы кыргызстандык жаран куткарып калганын орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, шаар тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 8-кабатында ачык турган терезеде наристе ойноп отурганын көрүшкөн. Буга кайдыгер карабаган кыргыз жараны Аман Батырбеков 9-кабаттан аркан менен түшүп, бөбөктү кооптууу жагдайдан куткарып калган. Өз кезегинде полиция кызматы Батырбековго жасаган аракети үчүн ыраазычылык билдирген.
Полиция батирде наристеден башка эч ким болбогонун, кичинекейди бутунан эмерекке байлап кетишкенин, бала ачык калган терезенин кырына чыгып ойноп жатканда тургундар көрүп калышканын белгиледи.
"Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат. Баланын апасынын аракетине юридикалык баа берилет", - деп билдирген башкармалыктан.