Бишкекте кампанын айланасынан өрт чыкты

Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Октябрь районундагы кампанын айланасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, райондун Исакеев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан кампанын айланасындагы жыгачтар өрттөнгөн.

"Өрт куураган чөптөн келип чыккан. Алгач ӨКМге чөп өрттөнгөндүгү боюнча маалымат түшүп, №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Өрт ошол жердеги жыгачтарга өтүп кеткен. Аны өчүрүүгө саат 13:19да №7 ӨКБдан 1 бөлүм тартылды. Жалпы эки бөлүм иш алып барды", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан