Пакистан кыргызстандыктар үчүн виза алуу режимин жеңилдетти

Пакистан Кыргызстанга жана башка 125 өлкөгө, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө жеңилдетилген виза режимин киргизди. Бул тууралуу Tribune гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жарандар Пакистанга баруудан мурун бекер 90 күндүк виза алуу үчүн онлайн түрдө 30 суроого жооп берип, анкета толтурушу керек.

"126 өлкө үчүн визалык төлөмдөр жоюлуп, виза алуу жөнөкөйлөштүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан