Чүйдө милиция кызматкерлери диний чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулашты

Ички иштер министрлиги жарандардын диний радикалдашуусун, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутууну алдын алуу, экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү багытында тийиштүү иш-чаралар жүзөгө ашырылып жатканын билдирди.
Ага ылайык, 14-августта ИИМдин демилгеси менен Чүй облусунун милиция кызматкерлерине диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутууну алдын алуу, бул багыттарда жарандар арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.
Анда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Раатбек Турусбеков милиция кызматкерлерине жарандардын диний радикалдашуусун, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кошулуусун алдын алуу, мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер, ИИМ тарабынан аткарылган иш-чаралар тууралуу кенен түшүндүрмө берди.
Мындан сырткары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали Гапуров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Айбек Иминов, Теология илиминин докторлору Самаган Мырзаибраимов менен Сайфулла Базаркулов салттуу ислам жана анын коомго тийгизген таасири, радикалдык диний агымдардын пайда болуу себептери, жарандардын диний сабатсыздыгын жоюу, жаштар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, мамлекеттик органдардын бири-бири менен кызматташуусун күчөтүү, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндө айтып беришти.
Андан соң, Чүй облусунун аймагында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүдөгү көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар айтылды.
Бул иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан