Беларустун президенти Александр Лукашенко Украинадагы согушту токтотууга жана сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырды. Бул тууралуу ал "Орусия-1" телеканалына курган маегинде билдирди.
"Келгиле, сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, бул күрөштү токтотолу. Бул украин элине да, орустарга да, белорустарга да керек эмес”, - деди Лукашенко.
Ал кошумчалагандай, батыш саясатчылары жаңжалды улантууга кызыкдар.
"Аларга (Батышка) бул (согуш) керек. Мен фактыларды келтире албайм, алар таптакыр жабык. Бирок ал жерде жогорку кызматтагы адамдар ачык айтып жатышат. Сөзмө-сөз айтканда, "алар бири-бирин кырсын, украиндер, орустар - баары бир казанда өлсүн" деп. Бул нормалдуубу? Алар биздин бири-бирибизди жок кылышыбызды каалашат", - деди Лукашенко.