Газадагы согуш "21-кылымдагы эң кандуу согуштардын бири" аталды

Израилдин Haaretz гезити иликтөөсүн жарыялап, анда Газа тилкесинде жүрүп жаткан согушту 21-кылымдагы эң кандуу согуштардын бири деп атады. Басылманын маалыматы боюнча, Израилдин баскынчылыгы 40 миңдей палестиналыктын өмүрүн алып кеткен, бул эксклавдын эки миллион калкынын болжол менен 2 пайызы.

Haaretz гезити Газадагы согуш курман болгондордун абсолюттук саны боюнча да, жалпы калктын санынан өлгөндөрдүн пайызы боюнча да башка кагылышуулардан өзгөчөлөнүп турганын баса белгилеген.

Жүздөгөн жарандар, анын ичинде аялдар жана балдар набыт болгон “коопсуз аймактарга” жасалган чабуулдарга өзгөчө көңүл бурулат. Басылма белгилегендей, эл аралык уюмдар Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген курмандыктар боюнча маалыматтарды тастыктайт.

Haaretz Газадагы катаал жашоо шарттарга, анын ичинде кеңири жайылган ачарчылыкка көңүл бурган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери 115 ымыркай, анын ичинде 37си ачарчылыктан көз жумган.

Эске сала кетсек, Эл аралык сот Израилди геноцид кылууда деп айыптап, май айында Тель-Авивге израилдик оккупациядан мурда бир миллиондон ашык качкындар баш калкалаган Рафах шаарындагы операцияларын токтотууга буйрук берген.

Израил ага карабай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ок атышууну токтоосуз токтотуу боюнча резолюциясын этибарга албай, аскердик операцияларын улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан