Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атылды

Азербайжандын Коргоо министрлиги 15-августта саат 18:10 чамасында Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан Азербайжан армиясынын позициялары аткыланганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Коргоо департаментинин маалыматына караганда, армян бөлүктөрү Нахчыван автономиялык республикасынын Ордубад районундагы Ганза конушунун багытындагы позицияларды аткыч куралдан аткылашты. Азербайжан тарап бул багытта “адекваттуу жооп кайтаруу чаралары” көрүлүп жатканын билдирди.

Бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык жараянындагы оң жылыштардын фонунда болуп жатат. Жакында Азербайжан менен Армения тынчтык келишиминин долбоорунан транспорт линиялары, анын ичинде Нахчыванды Азербайжандын негизги аймагы менен байланыштырган каттам тууралуу беренени алып салуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Мындан тышкары өлкөлөр мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча комиссиялардын биргелешкен иш-аракети жөнүндө жобонун долбоору боюнча макулдашууну аяктоо алдында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан