Быйылкы жаңы окуу жылында окуучулар мектепке ак жана кара түстөгү классикалык форма киет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева түз эфирде айтты.
Министрдин белгилешинче, окуучулардын формасы мектеп уставына ылайык жөнгө салынат.
"Ар бир мектептин уставында жазылган. Анда кандай бекитилсе жалпы ата-энелердин чогулушунун чечими менен ошол форманы тандоого болот. Бирок ак кофта, кара юбка же кара шым болушу керек", - деди Кендирбаева.
Ошондой эле быйылкы окуу жылында окуучуларынын формасы тууралуу талаптар былтыркыдай эле экенин белгиледи.
Ага ылайык, мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш. Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.