Индиянын Калькутта шаарындагы мамлекеттик “RG Kar” атындагы ооруканасында дарыгер айым зордукталып, өлтүрүлгөн. Ага байланыштуу Индиянын дарыгерлер ассоциациясы жалпы улуттук иш таштоо жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, 31 жаштагы аспирант кыз кызмат учурунда зордукталып, өлтүрүлгөн. Жарым жылаңач дене 9-августта эртең менен оорукананын семинар бөлмөсүнөн табылган. Маалыматта кошумчалагандай, ал 36 сааттык нөөмөттөн кийин ошол жерде уктап калган. Аялдын денесинде көптөгөн жарааттар жана муунтуунун белгилери табылган.
Кылмышка шектүү делип Калькутта полициясынын жарандык ыктыярчысы камакка алынган. Полициянын маалыматы боюнча, жабырлануучунун тырмактарынын астынан табылган кандын жана теринин издери шектүүнүн ДНКсына толугу менен дал келген.
Ушул аптанын башында Индиянын шаарларындагы көптөгөн мамлекеттик ооруканалардын дарыгерлери тез жардам бөлүмдөрүнөн башка бардык кызматтарды токтотуп, кенже дарыгерлер жабырлануучунун адилеттигин талап кылып көчөгө чыгышкан.
Нааразылык акциясы негизинен тынч өткөнү менен, алар полиция менен белгисиз адамдардын чакан тобунун ортосундагы кагылышуу болгон. Анда дарыгер каза болгон ооруканага чабуул жасалып, тез жардам бөлүмү талкаланган.
Чогулгандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Кагылышуу учурунда бир нече полиция унаалары жабыркаган.
Чакан нааразылык акциялары Индиянын башка көптөгөн шаарларында, анын ичинде Дели, Хайдарабад, Мумбай жана Пунада өттү.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди аял кишиге болгон зордук зомбулук үчүн катуу чаралар көрүлө тургандыгын билдирген.