Байланыш жакшыраак, интернет ылдамыраак: Beeline тармакты өнүктүрүүнү улантууда  

Эң ылдам мобилдик интернет жана үзгүлтүксүз байланыш - бул Beeline менен мүмкүн! Уюлдук оператор сиз жакындарыңыз менен ар дайым байланышта болуп гана тимболбостон, онлайн режиминде иштөө, окуу жана эс алууүчүн өз тармагын дайыма кеңейтип, модернизациялоодо.

Beeline Кыргызстан бүткүл өлкө боюнча борбордо да, алыскы аймактарда да 4G тармагын активдүү өнүктүрүүдө. Компаниянын адистери байланыштын сапаты ар дайым эңмыкты болушу үчүн жаңы базалык станцияларды орнотуп, жабдыктарды жаңыртыууда.

Бул иштин аркасында Beeline Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернетти камсыздайт! Муну 2024-жылдын биринчи жарымындагы Speedtest маалыматтарына негизделген Ookla көз карандысыз изилдөөсү тастыктайт. Уюлдук оператор бул жетишкендиги менен сыймыктанат жана тармакты жакшыртууну улантууда.

Акыркы жумада Бишкекте, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарында Beeline’дын бир нече жаңы базалык станциялары пайда болду. Абоненттер байланыш сапатынын жакшырганын Ысык-Көлгө кеткен жолдо да сезе алышат — бул Чүй облусундагы базалык станцияларды модернизациялоонун натыйжасы.

— Сапаттуу байланыш ыңгайлуулукту гана камсыз кылбастан, мүмкүнчүлүктөрдү да ачат, — дейт Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. —Компания кыргызстандыктар дүйнөлүк санариптик дүйнөнүн артыкчылыктарынан пайдалана алышы үчүн тармакты өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды киргизүүгө активдүү инвестиция кылууда. Эми Beeline абоненттери үчүн эң мыкты шарттарды түзүүнү улантуу менен эң ылдам 4G интернетти жана заманбап өнүмдөрдүсунуштайт.

Бул мүмкүн! Бул Beeline!

* 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн Кыргызстанда жүктөө ылдамдыгы боюнча Speedtest Intelligence® маалыматтарынын Ookla® талдоосуна негизделген. Ookla® Товардык белгилери лицензия боюнча колдонулатжана уруксаттар менен кайра басылып чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан