Жыл башынан бери Казакстанда 1290 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Бул туурасында казак басылмалары өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү аркылуу жазышууда.
Маалымдалгандай, көпчүлүк учурларда оору жеңил болгондуктан, ооруканага жаткырылгандар саны жогорулаган эмес. Ошондой эле өлүм менен аяктаган учурлар жок.
Башкы мамлекеттик санитардык дарыгердин милдетин аткаручу токтом кабыл алып, медициналык кызматкерлерге милдеттүү түрдө беткап кийүү режимин белгиленген. Мындан тышкары медициналык мекемелердин кире беришинде “фильтрлерди” иштетүү, кош бойлуу аялдарды жана сасык тумоо белгилери менен ооруган бир жашка чейинки балдарды үйдөн тейлөө каралган.
Ошондой эле, токтомго ылайык, сасык тумоого каршы эмдөө 1-сентябрдан тарта баштала тургундыгы кошумчаланган.