Бүгүн, 16-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов JDS (Japanese Development Scholarship) долбоору боюнча Япониянын жогорку окуу жайларына окууга тандалып алынган стипендианттары менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки катышты.
Маалымдалгандай, адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программанын алкагында Япониянын университеттерине быйыл 20 мамлекеттик кызматкер жиберилет.
Байсалов Япониянын өкмөтүнө бул программа үчүн ыраазычылык билдирип, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жана достукту мындан ары да өнүктүрүүгө ниетин билдирип, ал JDS стипендиантынын ээлерине окууларында ийгилик каалады.