Тоң районунун акими Таласка мэр болуп барды

Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык дайындалды.

Ошондой эле, өлкө башчысынын башка тескемесине ылайык Байышбек Астанакулов Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчылыгынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан