17-19-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору бүгүн, 16-августта билдирүү таратты.
Министрлик жарандарды бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбө болсо жарандар 112 кызматына билдирүү калтырса болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алына тургандыгы маалыматт айтылган.