Бишкек шаарынын Биринчи май районунун мурдагы тергөөчүсү Ч.Н.ге жасалма уруксат кагаздары менен камакта турган унааны чыгарып кеткендиги үчүн кылымыш иши козголду. Бул туурасында бүгүн, 16-августта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, камактан чыгаруу жөнүндө жасалма токтом чыгарып жана тергөө кызматынын башчысынын атынан расмий жолдомо катты жасалмалап, 2010-жылы чыгарылган “Lexus RX-350” үлгүсүндөгү автоунааны камактан чыгарып кеткен.
“Мурдагы тергөөчү кызматтык күбөлүгүн өз учурунда шаардык ички иштер башкармалыгана тапшырбастан, мыйзамсыз колдонгон. Аны менен чектелип калбастан, өзүнүн кесиптешинин өндүрүшүндөгү кылмыш иштин КБР номерин, кыскача фабуласы боюнча маалыматтарды алган”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.