Бүгүн, 16-августта Ош шаарында социалдык келишим программасынын алкагында 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага эмгек министри Жылдыз Полотова жана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышты.
«Социалдык келишим программасы ишке ашырылып жаткан мезгилде өлкө боюнча 21 миңден ашык жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон жеке ишкерликти баштоо үчүн жардам берилди. Анын ичинен сегиз жарым миңи быйылкы жылдын башынан бери. Жыл аягына чейин дагы 14,5 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзүп, жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат», - деди министр.
Белгилей кетсек, бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылып жатат.