Американын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы штаттар аралык автомагистралда жол кырсыгы катталып, анда 38 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралат.
"Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги кабыл алуучу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле каза болгон жарандын жакындары менен байланышта болуп, аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө" деп билдиришти министрликтен.