Социалдык тармактарда миграцияда жүргөн кыргыз кыз-келиндерди тартипке саларын видео кайрылуу аркылуу эскерткен кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
15-августта социалдык тармактарда 40ка жакын кыргыз жарандарынын Орусияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндерге жүрүм-туруму боюнча эскертүү берген видео кайрылуусу тараган.
ИИМдин маалыматы боюнча, алардын аты-жөнү такталып, өкүлчүлүккө чакыртылды.
"Аларга түшүндүрүү иши жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузган аракеттерге барбай турганын билдиришти. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт", - деп айтылат маалыматта.