Орусия менен Украина жашыруун тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү пландаганы айтылды

Орусия менен Украина ушул айда Катардын Доха шаарында жашыруун тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү пландаган. Бирок бул пландар Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск облусундагы аскердик операциясынан улам үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу дипломатиялык булактарга таянып The Washington Post (WP) жазып чыкты.

Басылманын маектештеринин айтымында, сүйлөшүүлөрдө чыр-чатакты токтотуу боюнча ар тараптуу макулдашууну талкуулоо жана эки айдын ичинде энергетикалык объектилерге кол салуудан өз ара баш тартуу боюнча макулдашуу пландалган.

Украина президентинин администрациясы WPге Дохада пландаштырылган саммиттин фактысын тастыктады, бирок ал "Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу" кийинкиге калтырылганын билдирди. Анын ордуна 22-августта видеоконференция болот.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна чабуулу 6-августта башталып, он бир күндөн бери уланууда. Украин тараптын айтымында, операция башталгандан бери 1150 чарчы километр аянттагы 82 калктуу конуш көзөмөлгө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан