Канада Израилден жооп талап кылууда

Канаданын Эл аралык өнүктүрүү министри Ахмед Хуссендин кеңсеси бейшембиде Газа тилкесинин түштүгүндөгү "Канаданын кудугу" деп аталган маанилүү суу объектинин жок кылынышын Израилден иликтөөнү талап кылып жатканын билдирди.

Министрдин басма сөз катчысы Оливия Баттен Канада Израил өкмөтүнөн окуя боюнча кененирээк маалымат сураганын айтып, иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Июль айынын аягында социалдык тармактарда израилдик аскерлер тарабынан тартылган видео тараган, анда суу менен камсыз кылуучу жайдын жардыргыч заттар менен талкаланып жатканы тартылган.

Баттен бул кудуктун Канаданын жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу иштеринде маанилүү ролду ойногон Телль аль-Султан аймагында жайгашканын баса белгиледи.

Ал белгилегендей, скважинанын бузулушу "суу инфраструктурасынын ансыз да оор абалын" ого бетер начарлатып, "жарандардын таза сууга жетүүдө кыйынчылыктарын ого бетер күчөтөт".

"Ачкачылыктын жана оорунун өсүп жаткан коркунучу ушул кудук сыяктуу медициналык, гуманитардык жана жарандык инфраструктуранын бузулушу менен коштолууда", - деп кошумчалады ал.

Израилдик агрессия башталгандан бери 40 миңден ашык адам каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар. 92 миң 400дөн ашык адам жаракат алган.

Бир миллиондон ашуун палестиналык башпаанек алган түштүктөгү Рафах шаарында согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууну буйруган Эл аралык сот Израилди геноцид үчүн айыптап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан