Бүгүн, 26-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында балдарга арналган Президенттик балаты болуп өттү. Майрамга өлкөбүздүн ар кайсы облустарынан 800 бала чакырылган. Алардын арасында эң алдынкы окуучулар, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жатак-мектептердин тарбиялануучулары катышты.
Майрамдык кечеге коноктору КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, өлкөнүн биринчи канайымы Раиса Атамбаева жана КРнын Билим берүү министри Канат Садыков катышты.
Майрамдык кечени тамашакөй маскарапоз айым ачып, өз өнөрлөрүн тартуулады. Анын сүйлөгөн сөздөрүн уккан, жасаган кыймыл-аракетин көргөн балдар жыргап кол чаап, кубаттап отурушту. Андан соң балдарга “Кереметтүү түндүк” аттуу жомок көрсөтүлдү. Анда көрүүчүлөр Аяз ата менен Аяз кызды уурдаган жаман күчтөрдүн жана аларды куткарып алган жакшы күчтөрдүн жоруктарына күбө болушту.
Белгилей кетсек, быйыл жаңы жылдык программаны "Шаттык" хореографиялык ансамбли, "Байчечекей" фольклордук-этнографиялык ансамбли жана «Ак шоола» театралдык балдар хору биргелешип даярдашыптыр. Жалпысынан 350 ашык бала келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кеченин соңунда Алмазбек Атамбаев сахнага чыгып, балдарды Жаңы жылы менен кыргыз жана орус тилдеринде куттуктады. “Жаңы жыл – бул өзгөчө кубанычтуу майрам. Баарыбыз Жаңы жылды жакшы ойлор менен күтөбүз. Урматтуу жаш мекендештерим, бүгүнкү майрам атайын силер үчүн даярдалган. Силер биздин келечегибизсиңер. Ар дайым кыялдангыла, эч качан үмүтүңѳрдү үзбөгүлө. Менин бала чагым абдан оор өткөн. Агаларымдын кийимдерин кийип өскөнмүн. Бирок мен ишенгем, үмүтүмдү үзбөгөм. Ишенгиле, силер да кыялыңарга жетесиңер. Жаңы жылыңар менен!”- деп балдарга илгери үмүт, жагымдуу маанай каалады. Өлкө башчысы сөзүн бүткөн соң балдар ага белек тапшырышты.
Кеченин аягында ар бир катышуучуга президенттин куттуктоосу жазылып калтырылган китеп жана таттуулар белекке берилди.