Жаңы бюджет планы кабыл алынгандан кийин Германия өкмөтү экономикалык себептерден улам Украинага жардам берүү үчүн кошумча каражат бөлбөөнү чечти. Бул тууралуу Frankfurter Allgemeine Sonntagszeitung гезити документтерге жана булактарга таянуу менен билдирди.
Андагы маалыматтарга ылайык, буга чейин бекитилген курал-жарактарды жеткирүү аткарылат, бирок жаңы буйруктарга жол берилбейт.
Германиянын каржы министри Кристиан Линднер 5-августта коргоо министри Борис Писториус менен тышкы иштер министри Аннален Барбокка кат жолдоп, жаңы жардам бюджеттик катуу чектөөлөрдү эске алуу менен учурдагы жана келечектеги жылдардын бюджеттик пландарында каржылоо кепилденген учурда гана берилиши мүмкүн деп билдирди.