Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын
24-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, 22-октябрь күнү Анара аттуу айым алдап
кеткендигин айтып Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Кылмышка шектүү айым
алгач жабырлануучунун ишенимине кирип, андан соң 5900 долларын алып кеткен.
Бишкек ШИИБинин кызматкерлери тарабынан көп өтпөй мурда соттолбогон К.А. кармалып,
учурда тергөө иштери уланууда.