Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчү Бишкеке алынып келинди. Бул тууралуу Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал ИИМдин жана дарыгерлердин коштоосунда борбор калаадагы Республикалык ооруканага жеткирилген.
Буга чейин Бишкектен Ысык-Көл облусуна кызматтык иш сапары менен барып, жол тыгынын жөнгө салып жаткан Кайгуул кызматынын кызматкерин Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткени маалым болгон.
Социалдык тармактарда өздөрүн анын досторубуз деп тааныштыргандар окуя 15-август күнү Чолпон-Ата шаарында болгонун айтып, жол тескөөчү комада экенин, андыктан аны Бишкектеги ооруканага жеткирүү керектигин суранышкан видео тараган.