Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Silk Road Mountain Race 2024 эл аралык веломарафондун расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан башталган бул веломарафонго 35 өлкөдөн келген 170тен ашуун катышуучу катышат.
Марафон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жыйынтыкталат.