Камчаткада күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду

Кечээ, 17-августта Орусиянын Камчатка жарым аралынын түштүк-чыгыш жээгинде күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:10до катталган.

Жер титирөө Петропавловск-Камчатскийден болжол менен 108 чакырым алыстыкта ​​болгон.

"Тургундар үйлөрүн таштап, коопсуз жайларга кетүүгө аракет кылышкан. Үйлөрдөгү эмеректер кулап, идиш-аяктар сынды", - деп жазылат анда.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан