Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, жарманкенин негизги максаты – билим берүү жана илим жаатында тажрыйба, идея, технология жана методикалар менен алмашуу аянтчасын сунуштоо, диалог жана кызматташуу үчүн натыйжалуу платформаны түзүү.
Жарманкеге Орусиянын билим берүү министрлигинин, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жетекчилери, билим берүү жана илимий уюмдардын 150дөн ашуун өкүлдөрү катышып жатат.
"Эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык чечимдерин сунуштоо үчүн жарманкенин негизги темалары - санариптештирүү, виртуалдык реалдуулук, педагогдорду жасалма интеллектти колдонуу менен окутуу, кайра даярдоо, кошумча кесиптик билим берүү болуп саналат", - деп жазылат анда.
Кыргыз-орус жарманкеси өлкөнүн билим берүү системасынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында министрликтин демилгеси менен уюштурулду.