Германиянын Лейпциг шаарында аттракцион өрттөнүп кеткенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя 17-август күнү кечинде Highfield музыка фестивалы учурунда болгон. Кырсыктын кесепетинен 65 киши жаракат алып, 16 адам ооруканага жаткырылган. Жаракат алгандардын ичинде төрт полиция кызматкери бар экени айтылууда.
Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек.