№13 Сузак бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны он экиге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
19-августка карата БШКга арыз менен кайрылган талапкерлердин тизмеси:
1) Алтынбек Кылычбаев;
2) Санжарбек Энназаров;
3) Нурдин Эрматов;
4) Манас Максутов;
5) Бейшенбек Бегматов;
6) Жыргалбек Сейдахматов;
7) Мелисбек Кошалиев;
8) Медербек Сапарбаев;
9) Ынакбек Айдаров;
10) Юлия Лилиенталь;
11) Гүлүйпа Карымшакова;
12) Нурсултан Абдуллаев.
Белгилей кетсек, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 22-августта аяктайт. Ал эми шайлоо 22-сентябрда өтөт.