Пакистанда июль айынан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан жана андан кийинки суу ташкындарынан улам кеминде 195 адам каза болуп, 362 киши жаракат алган. Бул туурасында чет элдик басылмалар өлкөнүн Улуттук табигый кырсыктарды башкаруу органына таянып жазып чыгышты.
Тиешелүү кызматтын отчётуна караганда, Пакистандагы туруксуз аба ырайынан улам жаралган табигый кырсыктар 2 миңден ашык үйдүн кыйроосуна, 44 чакырымдан ашык жолдун жана 30 көпүрөнүн жарактан чыгышына алып келген.
Жогоруда айтылган сандар 1-июлдан 17-августка чейинки аралыкта катталгандыгы маалыматта кошумчаланган.