"Электр станциялары" ААКсынын бүгүн, 19-августтагы маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 294 миллион куб метрди түздү.
Ага ылайык, суунун агып келиши секундасына 573 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 285 куб метрди түзүүдө.
Кечээ, 18-августта суунун көлөмү 12 миллиард ,270 миллион куб метрди түзгөн болчу.