Өлкө боюнча жалпы транспортко көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында 7 айдын ичинде өлкө казынасына 64 миллион 657 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды. Бул туурасында бүгүн, 19-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 7 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 410 336 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 4420 протокол түзүлдү.
“Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сындуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 64 миллион 657 миң 890 сом чегерилди. Ал эми балтыркы жылдын 7 айында — 31 миллион 744 миң 83 сом топтолгон”, - деп айтылат маалыматта.