
Кечээ, 18-августта Ысык-Көлдүн айрым райондорунда сел жүрүп, анда электр жабдыктары жабыркаган эмес. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-августта Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын Чолпон-Ата РЭТинин кызматкерлери сел каптаган көчөлөрдү кыдырып, электр жабдыктарынын абалын текшерүүдө.
"Жалпысынан сел жүргөн аймактарда электр жабдыктары жабыркаган эмес. Кыйшайып калган бир нече электр мамыларын түздөө иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат анда.
Учурда Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын кызматкерлери селден көбүрөөк жабыркаган Темиров жана Кашат айылдарынын суу каптаган көчөлөрүн үймө-үй кыдырып, жарыгы өчкөн абоненттерди электр жарыгына кошуу иштерин жүргүзүүдө.